Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 06

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө отчету

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн 2022-жылга карата аткарылыш абалы жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров