Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 07

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2022-жыл ичинде аткарылган иштердин абалы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылыш абалы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2022-жылга социалдык-экономикалык өнугүү программасынын аткарылышы жөнүндөгү отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.

 

2.  Айыл өкмөт башчысына 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча каржы булактарын табуу жагы сунушталсын.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров