Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 10

Кара-Булак айылынын ички чарбалык каналын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

     Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 13-февралындагы “ Кара-Булак айылынын ички чарбалык каналын Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүү жөнүндө” №56 сандуу чыгыш каты боюнча айыл өкмөт башчысы А.Мисиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айылындагы ички канал (кароосуз калган) Кара-Булак айыл өкмөтүнүн карамагына алынсын.

 

2.  Айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон иш-кагаздарды даярдап, жогоруда аталган каналды айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров