Редакцияот 16.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

2023-жылдын 16-февралы № 11

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн “2023-2026-жылдарга (орто мөөнөттүү) социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү жөнүндө

     Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдарга (орто мөөнөттүү) социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Булак айыл аймагынын “2023-2026 жылдарга (орто мөөнөттүү) социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” бекитилсин.

 

2.  Кара-Булак айыл аймагынын “2023-2026-жылдарга (орто мөөнөттүү) социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы” иш чаралардын планын аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Ж.Шакиров