БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 06
Бостери айыл аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 2-19- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Долоноту Суу” суу пайдалануучулар ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими тууралуу Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин маалыматын угуп Бостери айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Долоноту Суу” суу пайдалануучулар ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо талабы канааттандырылсын.
2.Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге ”Долоноту Суу” суу пайдалануучулар ассоцациялары менен ирригациялык курулмаларды кабыл алуу-берүү актысын түзүү жагы милдеттендирилсин.
3.Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтуу ишин жүргүзсүн.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик -укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Сопуевге жана айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Усубалиев |