БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 04
Бостери айыл өкмөтүнүн «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы чарбалык эсептеги (хозрасчеттук) түзүмгө өтүп жаткандыгына байланыштуу, Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин 2023- жылдын 31-январындагы № 01-31а/4 катынын негизинде Бостери айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бостери айыл өкмөтүнүн «Бостери Суу» муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалган жаңы Уставы бекитилсин. (Тиркеме 1)
2. «Бостери Суу» муниципалдык ишканасынын директору Н.Байбосуновго жаңы Уставдын негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага жана айылдык кеңештин бюджет, финансы экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э. Усубалиев |