КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
19- сессиясы
2023-жылдын 21-январы № 19-1
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетин аткарылышын, 2023-жылга карата бюджетин жана 2024-2025-ж.ж. карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын, 2023-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2023-жылга Республикалык бюджети жана 2024-2025-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата аткарылыш тууралуу отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2023-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 39 297 700 (отуз тогуз млн эки жүз токсон жети миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2023-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2023-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2024-жылга жылга 46 145 700 (кырк алты млн бир жүз кырк беш миң жети жүз) сомго, анын ичинен (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5 551 000 (беш млн беш жүз элүү бир миң) сом менен жана 2025-жылга 48 436 700 (кырк сегиз млн төрт жүз отуз алты миң жети жүз) сомго, анын ичинен ((Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 5 551 000 (беш млн беш жүз элүү бир миң) сом менен белгиленсин.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2024-2025-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
6. Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
7. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикасынын бюджетинин 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.
8. 2023-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.
9. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
-Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө,
-ченемдик укуктук актыларды өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө,
-киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын
эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.
10. 2023-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
11. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миңбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р. Арапов |
Көк-Жар айылдык кенешинин №19-1-токтомуна №1-тиркеме |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык бюджети. (миң сом)
№ | Кирешелердин жана чыгашалардын аталышы | Сумма |
1 | Салык агенттиги төлөгөн киреше салыгы | 19565,0 |
2 | Патент негизиндеги салык | 3320,0 |
3 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 300,0 |
4 | Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 60,0 |
5 | Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы | 2010,0 |
6 | Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 650,0 |
7 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 1000,0 |
8 | Роялти | 367,0 |
9 | Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы үчүн акы төлөө | 850,0 |
10 | Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы | 80,0 |
11 | Жайыт төлөмүнө | 518,3 |
12 | Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы | 520,0 |
13 | Муниципалдык менчиктеги объектилерден алынуучу ижара акы | 120,0 |
14 | Таштанды төлөмү | 370,0 |
15 | Толуктоочу грант | 5551,0 |
16 | Атайын каражаттар | 3974,4 |
17 | Жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражат | 42,0 |
| Кирешелердин жыйындысы: | 39297,7 |
1 | Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 14716,9 |
2 | Айыл окмотунун резервдик фонду | 393,0 |
3 | Коргонуу | 400,0 |
4 | Экономикалык меселелер | 3225,6 |
5 | Комуналдык чарба | 3488,7 |
6 | Маданият | 3365,1 |
7 | Билим беруу | 13348,4 |
8 | Социалдык коргоо | 360 |
| Чыгашалардын жыйындысы: | 39297,7 |