Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

19- сессиясы

2023-жылдын 21-январы № 19-3

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата божомол бюджетин, шарттуу мал башына жайыт акысынын божомолун, Жайытты башка максаттар үчүн пайдаланган жерлердин төлөмдөрүн жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджеттине бөлүнгөн 3/1бөлүгүн кайтаруу жана Типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата божомол бюджетин, шарттуу мал башына жайыт акысынын божомолун, Жайытты башка максаттар үчүн пайдаланган жерлердин төлөмдөрүн жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджеттине бөлүнгөн 3/1бөлүгүн кайтаруу жана Типтүү келишимди бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын №30- Жайыт мыйзамына негиз, Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.  Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга карата божомол бюджети жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин шарттуу мал башына жайыт акысынын божомолун жана жайытты башка максаттар үчүн пайдаланган үчүн төлөмдөрдү №1-тиркемеге негиз бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.  Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджеттине бөлүнгөн, Жайыт акысы үчүн төлөмдөрдүн 3/1бөлүгүн айылдардагы жайытка тиешелүү болгон көпүрөлөрдү, жолдорду жана башка обьектерди ондоо үчүн жайыт комитетине өткөрүлүп берилишине макулдук берилсин.

 

3.  Көк-Жар айыл өкмөтү жана Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы Типтүү келишимди бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Көк-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р. Арапов

 

Көк-Жар айылдык кенешинин

№8-3-токтомуна №1-тиркеме

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2023-га карата бекитилген   бюджетинин   кварталдар боюнча бөлүнүшү.

 

№

Чыгымдардын  аталышы.

Жалпы 1-жылга

 1-квар

2-квар

3-квар

4-квар.

1

Эмгек  акы

248.0

48.0

66.0

67.0

67.0

2

Соц-фонд

43.0

10.0

11.0

11.0

11.0

3

Сатуудан  түшкөн  салык

17.0

4.250

4.250

4.250

4.250

4

Транспорт чыгымы

24.0

----------

8.0

8,0

8,0

5

Сапардама

3,0

 

1,0

1,0

1,0

6

Рай админ. мүчөлүк взнос

3,0

 

3.0

---

---

7

Ж.б. чыгымдар

7,0

1,750

1,750

1,750

1,750

8

 Айыл өкмөтүнө

173,0

43,0

43,0

43,0

44,0

9

Инфра түзүмдөр

-

-

-

-

-

 

Бардыгы

518,0

107,0

135,0

 

139,0

137,0

 

Киреше               Бюджет.

 

 

 

 

№

Малдын түрү

саны

баасы

сумма

1

 Кара мал токой чарба

 900

67

60300

2

 Кара мал айыл өкмөт

 250

130

32500

3

 Торпок токой чарба

200

40

8000

4

 Торпок айыл өкмөт

100

40

4000

5

Кой токой чарба

3300

40

132000

6

Кой айыл өкмөт

750

67

50250

7

Эчки

100

67

6700

8

Жылкы

73

200

14600

 

Бардыгы

 

 

308350

9

Башка максатта пайдаланылган жерлерден

 

 

70,0

10

Байланыш түйүндөрү

 

 

140,0

 

  Жалпы:

 

 

518350

 Чыгаша.

 

 

 

 

№

   Чыгашанын  түрлөрү

Өлчөмү айына

Бир айга

Жылдык

1

Эмгек акы  төрага

12

9.0

108.0

2

Эсепчи

12

7.0

84.0

3

Инспектор

8

7.0

56.0

4

Инспектор

8

0.30%

 

5

Инспектор

8

0.30%

 

6

Соц  фонд

 

 

43.0

7

Сатуудан түшкөн салык

 

 

17.0

8

Транспорттук чыгымдар

 

 

24.0

9

Инфра түзүмдөр

 

 

173.0

10

Жана башка чыгымдар

 

 

7.0

11

Районго Ассоциацияга мүчөлүк взнос

 

 

3.0

12

Сапардама чыгымдары

 

 

3.0

 

Жалпы:

 

 

518.000

 

 

Бюджеттен  ашыкча түшкөн  кошумча  кирешелер жайыт комитетинин 

курамынын чечими менен  жайыт инфраструктурасын  оңдоого  жумшалат.

 

Көк-Жар   айыл өкмөтүндө   жайыттка чыгуу графиги.

 

 Жазгы жакынкы  жайытка   10-апрелден баштап,  ал  эми алыскы  жайытка

 9-майдан кийин  айыл  өкмөтүнүн  буйругу менен  уруксат  берилет.

 

Жайыт пайдалануучулардын  төлөмдөрүн төлөөсүнө 1-ноябрга  чейин

мөөнөт берилет,  эгерде төлөмдү белгиленген убакытта төлөбөсө  Жайыт мыйзамынын  негизинде   чара  колдонулат.

Көк-Жар жайыт

комитетинин төрагасы:

                           эсепчиси:

 

А.Карабаев

И.Эгембердиев