КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
19- сессиясы
2023-жылдын 21-январы № 19-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2023-жылдын 19-январындагы № 12 сандуу катын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2023-жылдын 19-январындагы №12 сандуу катын жана Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы жарандардын турак-жай боюнча жазган арыздарын канаттандыруу максатында таштак жайыт жана кайрак жерлеринен
- Ак-Өтөк айылы №1522контурунан 14га, №1697контурунан 4га, №1494контурунан 8,5га
- Жийде айылы №1275-контурунан 30га.
- Сарыкаңды айылы № 213 контурунан 20га, №596-597- контурунан 10га, №599 контурунан 15га, №610-контурунан 10га, №295-контурунан 3,25га.
- Каранай айылы №1472-контурунан 25га.
- Алашан айылы №756-контурунан 15га.
- Борбаш айылы №1383-1076 контурунан 25га.
- Көк-Жар айылы № 1395-1396- контурунан 7га.
186.75га жер аянтына калктуу конуштун жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мындан ары Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 21-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесинин 15-пунктуна жана 51-беренесинин 7- пунктуна ылайык иш алып баруу жагы. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевге жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р. Арапов |