Редакцияот 21.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги

19- сессиясы

2023-жылдын 21-январы № 19-6

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2023-жылдын 19-январындагы № 12 сандуу катын кароо жөнүндө

Каранай айылынын тургуну Таирова Жамила боор оорусу менен ооруп, Кыргызстанда даарылануу натыйжа бербегендигине байланыштуу, Индия мамлекетинде жасалуучу боор алмаштыруу операциясына көмөк көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.  Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Каранай айылынын тургуну Таирова Жамила боор оорусу менен ооруп, даарылануу натыйжа бербегендигине байланыштуу, Индия мамлекетинде жасалуучу боор алмаштыруу операциясына көмөк көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз жергиликтүү бюджеттин 70111-бөлүмүнүн 2824-бөлүкчөсүнөн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.  Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Көк-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р. Арапов