Редакцияот 06.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 3-сессиясы

2023-жылдын 6-июну № 20

Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 бөлүмүнө ылайык Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Каркыра айыл аймагынынын административдик бирдигинде мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыктан Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каркыра айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

К.К. Тыйтаков