КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 14-декабры № 11
ТЖКЧжЖТК тутумунун кызматкерлеринин жана жумушчуларынын штаттык бирдигине ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
ТЖКЧжЖТК тутумунун штаттык бирдигине ѳзгѳртүү киргизүү, Кара-Ой айылдык кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айылынын “Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо” тутумунунун штаттык бирдигине тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
- Директор 15000 (он беш миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Директордун орун басары жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси 10000 (он мин) сом;
- СЖОиТБО мастери 8600 (сегиз мин алты жүз миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Башкы эсепчи 14000 (он тѳрт миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Бухгалтер-кассир 10000 (он мин) сом айлык маянасы менен;
- Ичүүчү суу боюнча оператор-инженер 7000(жети миң) сом;
- Слесарь-оператор (бир штат) 6000 (алты миң) сом;
- Контролерлор (эки штат)-5000 (беш миң) сом;
- «Ортокчул», «Фрегат», «Почта», «Жүзүм», “Тельтору” скважиналарына кароолчу (5штат)-5000 (беш миң) сом;
- Ар кыл жумушчулар (3 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Айдоочу трактористтер, механизатор (6 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Техникаларды оңдоочу (ремонтник) (5 киши) 6000 (алты миӊ) сом айлык маянасы менен;
- Сварщик-ремонтник (1 киши) 6000 (алты миң) сом айлык маянасы менен;
- Таштанды таштоочу жайынын кароолчусу менен чарбалык короонун кароолчусуна 3200 (үч миӊ эки жүз) сомдон ар бирине айлык маянасы менен;
2. «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун» кызматкерлеринин жана жумушчуларынын аткарган кызматтарынын жана жумуштарды аткарууда, иш күнүнүн ченемге салынбагандыктан жогорудагы штаттык кызматкер жана жумушчуларынын эмгек маянасына 25% жана кароолчуларга 50% кошумча тѳлѳм кошулуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Дж.Ильязов |