КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 14-декабры № 12
Кара-Ой айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Кара-Ой айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Кара-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 23433,3 сом (жыйырма үч млн тѳрт жүз отуз үч мин үч жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү менен анын ичиндеги атайын счетуна 800,0 (сегиз жүз мин) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылып, бекитилсин.
2. 2023-жылга карата 23723,8 сом (жыйырма үч млн жети жүз жыйырма үч мин сегиз жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен анын ичиндеги атайын счетуна 1000,0 (бир млн) сом ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылысын.
3. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы, бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы Э.К.Жумековго жана ФЭБнүн башчысы А.Жайнаковага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Дж.Ильязов |