Редакцияот 09.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кара-Ой айылдык кеңешинин XXVII – чакырылышынын кезексиз кырк бешинчи сессиясы

2021-жылдын 9-февралы № 04

Муктаж болгон үй-бүлѳѳлѳргѳ жер участогун бѳлүп берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-октябрь 2005-жылдагы №464 токтомунун жана жер Кодексинин 13, 25, 32 беренелеринин негизинде жана Джолдош уулу Кенешбектин арызын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Айыл тургуну, тоголок жетим, аз камсыз үй-бүлѳѳдѳ турган Джолдош уулу Кенешбеке №2 жерден №7К участогу, 9,30х9,30м ѳлчѳмүндѳгү пайдубалы (фундамент) менен жеке менчик турак үй салуу үчүн 0,06га жер тилкеси менчикке бөлүнүп берилсин.

 

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңешинин Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

3.  Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана жеке менчике бекитүү боюнча токтомун чыгарып берүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

 

Төрага

Б.У. Усенбеков