Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы

2023-жылдын 13-марты № 23/3

Айыл аймагында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашырууга каражат кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-Т тескемеси, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-мартындагы №77-б буйругуна жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 10.03.2023-жылдагы №01-32/196 сандуу катына негиз Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүнүн негизинде Көтөрмө айыл аймагында жер-жерлерде көчөттөрдү отургузуу, багбанчылык боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, чоң жолдун боюна, мекеме ишканалардын алдына декеративдүү жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн отургузуу, ишембиликтерди уюштуруу, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлсүн.

 

2. Аталган иш чараларды жүргүзүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

3. Тишелүү каражатты бөлүп берүү жагы Көтөрмө айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Көтөрмө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана социалдык өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Бактыбаев