КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы
2023-жылдын 13-марты № 23/4
Жайыт комитетинин каражатынын эсебинен оор техника сатып алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. 2022-2023-жылдардагы жайыт пайдалануудан түшкөн киреше 100% жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.
2. Жайыт пайдалануудан түшкөн акча каражатына камаз автоунаасын сатып алууга уруксат берилсин.
3. Жайыт пайдалануудан түшкөн каражатты толук жайыт комитетинин эсебине которуп берүү ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бактыбаев |