КӨТӨРМӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш XХIII сессиясы
2023-жылдын 13-марты № 23/5
Айыл аймагындагы жайыттарды пайдалануу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Айылдардагы элдик жыйындын протоколунун негизинде шайланган жергиликтүү мал багуучулар биринчи кезекте жайыт менен камсыз болсун.
2. Мал баккандарга койчуга төлөнүүчү акыны бодо мал үчүн 500 ( беш жүз) сомдон, кой-эчкилер үчүн 150 (бир жүз элүү) сомдон ашырылбашы эскертилсин.
3. Жайыттарды туура бөлүштүрүү, көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы Н. Мамаюсуповго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бактыбаев |