Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 28-февралы № 21/71

Кызыл–Кыя шаарынын 2022-жыл ичинде социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

2022–жылда шаардын туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2022–жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2–бөлүгүнүн 3)–, 6)–пункттарына жана 48–беренесинин 12) – пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ кылат:

 

1.  Кызыл–Кыя шаарынын 2022-ичинде социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.  Кызыл–Кыя шаарынын 2022–жыл ичинде мекеме–ишканалар, уюмдар, комитеттер, башкармалыктар жана башка чарбалык субьектилер тарабынан кабыл алынган социалдык–экономикалык жана маданий көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы ар бир мекеме-ишкананын жетекчилерине жүктөлсүн.

 

3.  Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго милдеттендирилсин:

 

-  макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлерди аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;

 

-  шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;

 

-  салыктардын бюджетке, камсыздандыруу төлөмдөрдүн өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жана кошумча булактарды табуу жагы;

 

-  шаардын санитардык-экологиялык абалын сактоо, шаардагы таштандыларды өз убагында чыгаруу максатында “Тазалык” ишканасына жаны техникаларды алууну колго алуу жагы;

-  шаарды жашылдандыруу максатында өз убагында бак-дарактарды тигүү жана аларга тийиштүү кам көрүү жагы;

 

-  шаардын пенсионерлерине пенсияларды өз убагында чегерүүнү жана төлөп берилишин камсыз кылуу, пенсияга чыгуу үчүн документтерди кабыл алуу боюнча жаӊы киргизилген эрежелердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы;

 

-  шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө, сүйүнчүлөрдү берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы;

 

-  шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, COVID-19, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чараларды көрүү жагы;

 

-  шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүү жагы;

 

-  шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;

 

-  билим берүү тармагында муктаж болгон мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык программага киргизүү боюнча иш аракеттерди жасоо жагы;

 

-  шаардын архитектуралык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында, шаардын Башкы планын тез арада сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө иштерин күчөтүү жагы.

 

4.  Ушул токтом шаардык кенештин веб-сайты жана “Мезгил жарчысы” газетасы аркылуу чагылдырылсын.

 

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы Ж.Калматовго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов