ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2023-жылдын 1-сентябры № 150/26-5
Токмок шаары, Дунларов көчөсү 274 дарегинде жайгашкан, “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесине таандык “Аманат Токмок” орто мектебин Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 24-августундагы №1-22/2575 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаары, Дунларов көчөсү 274 дарегинде жайгашкан, “Ас-Сафа борбору” коомдук бирикмесине таандык “Аманат Токмок” орто мектебин Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |