Редакцияот 01.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2023-жылдын 1-сентябры № 153/26-5

Токмок шаарынын мэриясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2023-жылдын 25-августундагы №1-22/2580 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаарынын мэриясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачууга, тиркемеге ылайык макулдук берилсин.

2.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев

 

Токмок шаардык кеңешинин

2023-жылдын 1-сентябрындагы

№153/26-5 токтомуна

тиркеме

 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында мектепке чейинки мекемелерди ачуу үчүн муниципалдык объектилердин тизмеси

 

№

Объектилердин дареги, аталышы

Жер тилкелеринин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө токтомдор

Жер аянты (чарчы метр)

1

“Айнек” бала бакчасы, Токмок ш., 3-кичирайон

Жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысынын сериясы Б №012379, Токмок шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 19-ноябрындагы №474 токтому

Курулганы 1986,8 ч.м., ага жанаша 6953,2 ч.м.,

жалпы аянты

8940,0 ч.м.

2

Мурунку №5 бала бакчанын имараты, Токмок ш., Гагарин көчөсү 73

Жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысынын сериясы Б №020819, Токмок шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 19-ноябрындагы №474 токтому

Курулганы

489,6 ч.м.,

ага жанаша 1469,4 ч.м.,

жалпы аянты

1959,0 ч.м.

3

№16 бала бакчасы, Токмок ш., 3-кичирайон, Орозбеков көчөсү 68

Жерди мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актысынын сериясы Б №034792, Токмок шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 16-январындагы №3 токтому

Курулганы

733,2 ч.м.,

короосунун астында 111,74 ч.м.,

жалпы аянты

0,575 га.

Жооптуу катчы

М.А.Табалдиев