Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 6-июлу № 16

Үч-Төбө айыл аймагындагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзгөн иштери жана жалпы медицина тармагынын элге кызмат көрсөтүүдөгү ишинин абалы тууралуу маселени кийинки отурумга жылдыруу жөнүндө

Үч-Төбө айыл кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сессияга материал даярдоодо жеткиликтүү маалымат ала албагандыгын жана №6 ҮДТнун жетекчисинин эмгек өргүүдө экендигин эске алып Үч-Төбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Үч-Төбө айыл аймагындагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзгөн иштери жана жалпы медицина тармагынын элге кызмат көрсөтүүдөгү ишинин абалы тууралуу маселе кийинки отурумга жылдырылсын

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:

Асантай уулу А