Редакцияот 06.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2023-жылдын 6-июлу № 17

Жайыт жана ижара жерлерди туура пайдалануу,жайыт акысын чогултуу боюнча жайыт комитетинин төрагасынын жана ижарага берилген жерлер тууралуу жер адисинин отчетун угуу жөнүндө

Жайыттарды туура пайдалануу жана жайыт төлөмдөрүн чогултуу боюнча жайыт комитетинин төрагасы А.Турдумаматовдун жана арендага берилген жерлерди туура пайдалануу, төлөмдөрүн жыйноо боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Эшназаровдун малымат отчетторун угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үч-Төбө жайыт комитетинин 2023-жылдын I-жарым жылдык планында көрсөтүлгөн көрсөткүчтү толук камсыз кылгандыгы үчүн, жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин

 

2. Ижарага берилген жерлерди туура пайдалануу боюнча М.Эшназаровдун жүргүзүп жаткан иштеринде айыл өкмөтүнө караштуу ижарага берилүүчү жерлерди ижарачыга берип пайдаланууну толук ишке ашыра албагандыктан кемчиликтер бар экендиги белгиленсин

 

3. Айылдык кеңештин отурумундагы сын сунуш, пикирлерди эске алып,айыл өкмөтүнүн 9-айлык планында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу үчүн алгылыктуу иштерди жүргүзүүнү жайыт комитетинин төрагасы А.Турдумаматовго жана кемчиликтерин оңдоону айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Эшназаровго милдеттендирилсин

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Тажибаевге тапшырылсын

 

Төрага:

Асантай уулу А