ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 6-июлу № 20
Ак-Жай айылындагы футбол аянтын, жарандарга футбол ойноп пайдалангандыгы үчүн кызмат көрсөтүп акы алуу тарифин бекитүү жөнүндө
Ак-Жай айылындагы футбол аянтын, жарандарга футбол ойноп пайдалангандыгы үчүн кызмат көрсөтүп акы алуу тарифин бекитүү максатында Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жай айылындагы футбол аянтына футбол ойногондор үчүн кызмат көрсөтүп акы алуу тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн 1саатына 200сом
Башка айыл өкмөтүнүн тургундары үчүн 1саатына 300 сом
2. Футболдук аянтты пайдалануудан түшкөн төлөмдөр төмөнкүдөй бөлуштүрүлсүн:
Түшкөн кирешеден айыл өкмөтүнүн бюджетине -40%
Көзөмөл кылган жоопкер адамдын кызмат акысына- 40%
Ремонт, тазалоо иштерине-20%
3. Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин окуучулары мугалимдердин коштоосунда кружок сабактарын өтүүдө акысыз ойнотулсун жана саат 19-00дөн кийин ойнотууга уруксат берилбесин
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жарандарга техникалык коопсуздук боюнча инструкция берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер жана комуналдык чарба боюнча башкы адиси Н.Кеңешбаевге жана футбол аянтынын көзөмөлдөөчүсүнө милдеттендирилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн
Төрага: | Асантай уулу А |