Редакцияот 22.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VII-чакыруу, №4-сессиялык отурум

2023-жылдын 22-февралы № 10

Жайыл айыл аймагы боюнча таштандыны чыгаруу үчүн төлөмүн бекитүү тууралуу

“Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишкананын директору Б.М. Баймонкоевдин Алексеевка жана Жайыл айылдары боюнча таштандыны чыгаруу үчүн төлөмү боюнча көрсөтүлгөн эсебин карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши

 

 

токтом кылат:

 

1. Жайыл айыл аймагы боюнча (Алексеевка жана Жайыл айылдары) таштандыны ар бир короодон ай сайын чыгарууга төлөмү 150 (жүз элүү) сомдон бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин “Жайыл Таза Аймак” муниципалдык ишканасынын директору Б.М. Баймонкоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов