ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакыруу, №6-сессиялык отурум
2023-жылдын 29-марты № 15
Долбоорлорду кошумча каржылоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча
Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевдин Алексеевка айылында ““Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Алексеевка айылында ““Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоору бекитилсин.
2. Алексеевка айылында ““Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоору Чүй облусунун Өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Алексеевка айылында ““Колосок” бала-бакчасынын чатырын алмаштыруу” долбоорун ишке ашырууга жана кошумча каржылоого Жайыл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 45 000 (кырк беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
А.А.Мамбеткулов |