Редакцияот 13.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VII-чакыруу, №10-сессиялык отурум

2023-жылдын 13-июну № 22

2024-2026-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 12.12.2019-жылындагы №147-П приказына жана 2023-жылга бюджеттик процесс боюнча календардык планына, ошондой эле Жайыл айыл өкмөтүнүн берилген материалдарын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2024-2026-жылдарга бюджеттин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

 

Баардыгы

Өз кирешелер

Атайын каражаттар

2024-жыл

12640,2 миң сом

11600,2 миң сом

1040,0 миң сом

2025-жыл

14253,2 миң сом

13213,2 миң сом

1040,0 миң сом

2026-жыл

14853,2 миң сом

13813,2 миң сом

1040,0 миң сом

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

Жайыл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов