Редакцияот 04.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫ ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

VII-чакыруу, №12-сессиялык отурум

2023-жылдын 4-августу № 25

Жайыл айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө

Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевдин 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы боюнча берилген материалдарды карап жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Жайыл айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүнтүрүү планы төмөнкүчө бекитилсин:

№

п/п

Маселелер

Иш-чаралар

Каржылоо булактары

Аткаруу мөөнөтү

1

Жолдорду оӊдоо

Алексеевка айылынын Ж.Базаркулов атындагы көчөсүн оӊдоо

Дем берүүчү грант +кошумча каржылоо

2024-жыл

2

Жайыл айылына кирүүчү жолдорду оӊдоо

Транспорттук министрлиги (РБ)

2024-2025-жылдар

3

Жаӊы социалдык объектилерди куруу

Жайыл айылына мини футбол талаасын куруу

Чүй облустук фонду

2024-жыл

4

Алексеевка айылынын орто мектебине кошумча корпус куруу

АРИС

2024-2025- жылдар

5

Капиталдык ремонт

“Колосок” бала бакчасынын чатырын оӊдоо

АРИС

2024-жыл

6

 “Жайыл Ата” бала бакчасынын имаратынын сыртын жылуулатуу

АРИС

2024-жыл

7

Жайыл айылынын балдарын мектепке даярдоого 3-сааттык сабак өткөрүүчү имаратын оӊдоо

Билим берүү министрлиги  (РБ)

2024-2025- жылдар

8

Алексеевка айылынын клубун оӊдоо

Мин.культуры КР (РБ)

2026-жыл

9

Алексеевка айылынын коомдук-профилактикалык борборунун имаратынын ичин оӊдоо

Өнүктүрүү фонду

ЖБ

2025-2026- жылдар

10

Айыл өкмөтүнүн эски имараттарын оӊдоо

РБ, ЖБ

2025-2026 -жылдар

11

Ичүүчү суу

Жайыл айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо

РБ, ЖБ

2025-2026- жылдар

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов