Редакцияот 29.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2023-жылдын 29-июну № 3/1

Узун-Булак айылынын Керешке участогундагы көмөк чордон салууга жер аянтынын категориясын которуштуруу жөнүндө

“Кыргыз Улуттук электр тармактары” ААКну тарабынан Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак айылына курула турчу электр көмөк чордонун курууга ылайыкталган 1 га жер аянтынын багытын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энегретиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которуу тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Т. Бактыгуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:

 

1. Калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоо максатында Чолпон айыл аймагына караштуу Узун-Булак айылынын Керешке участогуна “Кыргыз Улуттук электр тармактары” ААКну тарабынан курула турчу электр көмөк чордонун курууга ылайыкталган №2368 контурдагы 1 га жер аянтынын багытын “Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энегретиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Жер аянтын трансформациялоо максатында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

3. Жер аянттарын тактоо, иш кагаздарын бүтүрүү жана тийиштүү мекемелерге кайрылуу жагы Чоплон айыл өкмөтүнүн жер турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Жаныш уулу Ормонго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил