Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз(кезектеги) XХIII сессиясы
2023-жылдын 17-августу № 23-1
Дыйкан чарбанын эсебиндеги имаратты айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Т.Балтагулов айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясынын, биринчи маселеси боюнча айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси К.Абдыкаимовдун билдирүүсү менен айылдык кенешинин депутаттарына таааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баймак айылына караштуу дыйкан чарбанын эсебиндеги имаратты айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Дыйкан чарбанын эсебиндеги имаратты өткөрүп алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча адисине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык мүлк,айыл чарбасы жана экологиясы агрардык маселелер, боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
4.Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы :- |
Э.Исманов |