КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму
2023-жылдын 19-апрели № 20/1
Корул айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №29 С.Шабырбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси А.Кариеванын жана №33 А.Сулайманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Т.Болотбек кызынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги-карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана МЧББУнун башчыларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү жана социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |