КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму
2023-жылдын 19-апрели № 20/2
Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларынын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларынын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелеринин окуу тарбиялык иштеринин жүрүшү боюнча жана мектеп окуучуларынын бири-бирине үстөмдүк кылууларынын жана түнкү отуруштарды болтурбоонун алдын алуу боюнча бир топ иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин жана мындан ары ата-энелер менен түшүндүрүү иштери мектеп директорлору жана участкалык милиция тарабынан жүргүзүлсүн.
2. Мектептерде жана класстык кааналардын санитардык-гигеналык абалын жакшыртуу, 1-4-класстарга шашке тамагын уюштурууда бардык нормаларды жана азык-түлүктүн сапатын сактоо, ашканада балдарга тамак берилүүчү жайлардын абалын санитардык-гигеналык жактан колго алуу жагы мектеп директорлоруна жана айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Айыл өкмөтүндөгү билим берүү мекемелиринин 2023-2024-жаңы окуу жылына карата даярдык иштерин өз убагында сапаттуу жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө билим берүү жана социалдык иштер боюнча туруктуу комиссияга, айыл өкмөтүнүн башчысы М. Турганбаевге жана участкалык милицияларга милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |