КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму
2023-жылдын 19-апрели № 20/5
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын карап, талкуулап
Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү жамааттардын уставдарын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 буйругу айыл өкмөтүндө аткарууга алынып, типтүү уставы жана усулдук көрсөтмөлөрү бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жооптуу катчысына жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |