Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму

2023-жылдын 19-апрели № 20/7

Корул айыл өкмөтүндө айыл тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү жөнүндө

Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча Корул айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл тургундарын жайлоого көчүп кетүүсү боюнча төмөндөгүдөй график түзүлсүн

-   1–Май айылы 2023 - жылдын 1-майына чейин

-   Тогуз-Булак айылы 2023 - жылдын 1-майына чейин

-   Кең-Жылга айылы 2023 - жылдын 15-майына чейин

-   Арал айылы - 2023-жылдын 20-майына чейин көчүрүү иштери жүргүзүлсүн.

-   Жайлоодон көчүп келүүсү 1-Май айылы 15-августан, Тогуз-Булак айылы 20-августан, Кең-Жылга айылы 25-августан, Арал айылы 30-августан көчүп келишсин.

 

2.     Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 183-беренесине ылайык жайыттарды жана чөп чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча белгиленген тартипте кабыл алынган эреже бузулса, башкача айтканда жайлоого өз убагында көчүп кетпеген жана малдарын кароосуз калтырып чөп орундарга киргизген жарандарга 4-категориядагы айып пул салынсын.

 

3.  Айыл тургундарын графиктен кечиктирбестен көчүрүү жагы жана жайытка кеткен жолдорду өз убагында тазалап, айыл тургундарына шарт түзүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Турганбаевге жана жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрайым

М.А. Абдыкадырова