КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-отуруму
2023-жылдын 15-майы № 21/4
2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен мугалимдерди сыйлоо жөнүндө
Корул айыл өкмөтүндө 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен мугалимдердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштерге активдүү катышкан кызматкерлердин сунуштарын карап Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен мугалимдердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында үзүрлүү эмгектенип, коомдук иштерге активдүү катышкан төмөнкү кызматкерлер Корул айылдык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлансын:
1. Жээнбаева Амарал - №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин мугалими;
2. Сабаева Тахмина - №28 Ж.Орозов атындагы орто мектебинин мугалими;
3. Дүйшөнкул кызы Кулпунай - №29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин мугалими;
4. Маматумарова Бактыгүл - №27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин мугалими;
5. Сапарбаева Жанар - №45 М.Маназаров атындагы негизги мектебинин мугалими;
6. Сулайманов Алмас - №29 С.Шабырбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун кызматкери;
7. Умаркулова Сюзанна - №33 А.Сулайманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы.
2. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |