КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 22-отуруму
2023-жылдын 18-июлу № 22/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 1-жарым жылдыкта аткарылышы боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 4-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн 1-жарым жылдыкта аткарылышы боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-жарым жылдыкка карата айыл өкмөтүнүн экономикалык көрсөткүчтөрдүн бардык түрлөрү боюнча кабыл алынган пландар айыл өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2023-жылдын жыйынтыгына карата бардык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын жыйынтыктоо, кабыл алынган пландарды толугу менен аткаруу, айыл өкмөттүн бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды топтоодо белгиленген план божомолдордун жалпы көрсөткүчүн жылдын жыйынтыгында толук аткаруу жана кошумча кирешелерди тартуу жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А.Абдыкадыров |