КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 22-отуруму
2023-жылдын 18-июлу № 22/2
Корул айыл өкмөтүнө караштуу “Арал таза суу суу” ишканасынын аткарган жумуштары жөнүндө
2019-2022-жылдарда АРИС программасы тарабынан курулган, “Арал таза суу” ишканасынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыкта аткарып жаткан иштери туралуу маалыматты угуп, талкуулап, Корул айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элге ичүүчү таза сууну канааттандыраарлык деңгээлде жеткизе албагандыгы, борбордук суу түтүктөрүнүн жарылышынан улам кайра оңдоо түзөтүү иштеринин кечиктирилиши, элдин нааразычылыктары күчөгөндүгүнө байланыштуу, “Арал таза суу” ишканасынын аткарган жумуштары канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Эл тарабынан оозеки даттануулардын негизинде, “Арал таза суу” ишканасынын курулушуна тиешеси бар күнөөлүүлөрдү тактап, иликтеп берүү максатында, КРнын УКМКнин Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүнө өткөрүп берүү жагы каралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо,этика жана улуттук каада салттар боюнча туруктуу комиссияга жана бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
Төрайым | М.А.Абдыкадырова |