КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 22-отуруму
2023-жылдын 18-июлу № 22/3
Корул айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыктагы маалыматын угуу жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын 2023-жылдын 1-жарым жылдыктагы маалыматын угуп, талкуулап, Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнун 1-Май айылынын айыл башчысы Жаңыбаев Сапарбектин жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Курбанбаев Өмүрбекке аткарган жумуштары канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Арал айылынын айыл башчысы Турдуев Калыкбердинин аткарган жумуштары канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Корул айыл өкмөтүнүн башчыларынын аткарган жумуштарын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы Турганбаев Мустафа Жанибековичке жана жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А.Абдыкадырова |