КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 22-отуруму
2023-жылдын 18-июлу № 22/5
Корул айылдык кеңешинин 13.09.2022-жылдагы №12/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин 13.09.2022-жылдагы №12/6 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Корул айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылындагы 4,7 чакырым аралыктагы сугат суу каналын Алай райондук суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Алай райондук суу ресурстары кызматы мамлекеттик мекемесинин балансына өткөрүп берүү үчүн, иш кагаздарын даярдап, тийиштүү жактарга алып баруу жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана өзүмдүн көзөмөлүмө калтырамын.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |