Редакцияот 08.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы

2023-жылдын 8-июлу № 24-2

№55 К.Абдыкалыков атындагы негизги мектебинин мекемесин көмүр менен жылытууга өткөрүү, Керкидан айылына трансформатор жана электр мамычаларын сатып алуу максатында

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеш өсүп келе жаткан жаш муундардын татыктуу билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен экендигин, кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учураган убакта класстык каналардын иштери муздап, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугуна зыян келип жаткандыгын, электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууну жакшыртуу, ошондой эле Керкидан айылындагы трансформаторлордун жана электр мамычаларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жергиликтүү тургундарды күз кыш мезгилдеринде электр энергия менен үзгүлтүксүз камысыз кылуу максатында менен бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төө-Моюн айылдык аймагынын Керкидан айылындагы №55 К.Абдыкалыков атындагы негизги мектебинин мекемесинин жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүүгө макулдук берилсин.

 

2. Керкидан айылындагы трансформаторлорунун жана электр мамычаларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу оңдоп түзөө жана алмаштыруу иштери колдоого алынсын.

 

3. Курулуш иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында өнүктүрүү фонддорунан ажыратып берүү үчүн кайрылуу иш аракеттерди жүргүзсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев