Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 23 сессиясы

2023-жылдын 12-июну № 23-1

Төө-Моюн айыл аймагынын Керкидан айылында жайгашкан №55 К.Абдыкалыков атындагы негизги мектебине ысык тамак менен камсыз кылуу максатында ашкана куруу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңеш өсүп келе жаткан жаш муундардын татыктуу билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен экендигин белгилөө менен бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровдун маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төө-Моюн айыл өкмөтү Төө-Моюн айылдык аймагынын Керкидан айылындагы №55 К.Абдыкалыков атындагы негизги мектебине ысык тамак менен камсыздоо максатында жаңыдан ашкана куруу иштери колдоого алынсын.

 

2.  Капиталдык ремонттоо иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында ички резервдерди талдап чыгуу, тийиштүү мамлекеттик фонддон үлүштүк түрткү берүүчү грант ажыратып берүү үчүн кайрылуу боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

 

3.  Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев