ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 21-3
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын пайдалануу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын угуп чыгып, аймагыбызда элибиз негизинен дыйканчылык менен алектенип келгендигин жана азыркы күндө күндүн ысыктыгынан суунун таңкыстыгына байланыштуу Найман көлдөн сугат сууну алып келүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамына жана башка аракеттеги ченемдик-укуктук актыларына ылайык Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кызматтык авто унаасын (нива 0080 ОС) Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмонов иш күндөрүнөн тышкары дем алыш (ишемби, жекшемби) күндөрү да пайдалануусуна жана Төө-Моюн айылдык аймактын социалдык, экономикалык, коммуналдык, айыл чарбасы жана башка тармактарда функционалдык милдеттерин жана мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткарууда аталган кызматтык авто унааны пайдалануусу үчүн Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кызматтык авто унаасын (нива 0080 ОС) Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновго Төө-Моюн айылдык аймактын социалдык, экономикалык, коммуналдык, айыл чарбасы жана башка тармактарда функционалдык милдеттерин жана мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткарууда аталган кызматтык авто унааны иш күндөрүнөн тышкары дем алыш (ишемби, жекшемби) күндөрү да пайдалануусуна макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |