ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 21-1
Төө-Моюн айыл аймагынын Сырт айылындагы №10 айылдык китепкана имаратын бүтүрүү жөнүндө
Айылдык кеңеш өсүп келе жаткан жаш муундун татыктуу билим алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттеринен экендигин белгилөө менен бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Д.Жолдошевдин маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл өкмөтү Төө-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылындагы №10 айылдык китепкана имаратын бүтүрүү үчүн демилгелөөчү топ түзүү, иштерине зарыл болгон каражаттарды издеп табуу максатында ички резервдерди талдап чыгуу, тийиштүү мамлекеттик фонддон үлүштүк түрткү берүүчү грант ажыратып берүү үчүн кайрылуу боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.
2. Сырт айылындагы №10 айылдык китепкана имаратын бүтүрүү үчүн зарыл болгон каражаттын жалпы (100 000 сом) айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |