Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 20-3

«Найман» айылынын тургуну Н.М.Кабыловдун өзүнүн менчигиндеги чайкананын жеринин максаттуу багытын турак-жай жана калкка кызмат көрсөтүү түрүнө өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү арызы тууралуу

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиевдин жана Найман айылынын тургуну Кабылов Насрулла Мамасадыковичтин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып, «Найман» айылынын тургуну Н.М.Кабыловдун ушул айылдын аймагындагы өзүнүн менчигиндеги Мамлекеттик акт «Ч» №890898 сандуу участоктун идентификациялык коду 5020610050562 28.01.2020-жылы берилген, Эл депутаттарынын Төө-Моюн айылдык Кеңешинин №5 31.01.1992-жылдагы президиуму менен чайкананын иштөөсүн жана элге кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында өткөрүп берилген, учурда турак жай катарында пайдаланылып жаткан жеринин максаттуу багытын өзгөртүү айыл аймагында көйгөй болуп турган турак жай куруу үчүн жер участокторунун тартыштыгын чечүү, жаш үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу, ишкерлерди колдоо, ошондой эле жумуш орундарын түзүү жаатында максатка ылайык болорун белгилеп, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексине» ылайык Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Найман» айылынын тургуну Н.М.Кабыловдун ушул айылдын аймагындагы өзүнүн менчигиндеги 5000,0 м.кв болгон жер аянты Мамлекеттик акт «Ч» №890898 сандуу участоктун идентификациялык коду 5020610050562 28.01.2020-жылы берилген, Эл депутаттарынын Төө-Моюн айылдык Кеңешинин №5 31.01.1992-жылдагы президиуму менен чайкананын иштөөсүн жана элге кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында өткөрүп берилген, учурда турак жай катарында пайдаланылып жаткан чайкананын максаттуу багытын 2500,0 м.кв жер аянтын турак-жай түрүнө, калган 2500,0 м.кв жер аянтын калкка кызмат көрсөтүү максаттык багытындагы жер түрүнө пайдаланууга кайра өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.  Араван районунун тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына «Найман» айылынын тургуну Кабылов Насрулла Мамасадыковичтин карамагындагы аталган жердин иш кагаздарына ушул токтомго ылайык өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы сунуш кылынсын.

3.  Төө-Моюн айыл өкмөтү айыл аймагындагы турак жай фонду боюнча маалыматтарга ушул өзгөртүүлөргө ылайык оңдоолорду киргизсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевке) жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев