Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 20-1

Төө-Моюн айылдык аймагынын 2023-жылдын 1-кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Төө-Моюн айылдык аймагынын 2023-жылга карата экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө ылайык индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Төө-Моюн айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан Төө-Моюн айылдык аймагынын 2023-жылдын 1 кварталында жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн каражаттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Төө-Моюн айылдык аймагынын 2023-жылдын 1-кварталында жергиликтүү бюджетинин 150,000 (бир жүз элүү миң ) сом үнөмдөлгөн беренелерине жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме тиркелет).

 

2.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржылоо маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII

чакырылышынын кезектеги 20-

сессиясынын № 20-1 токтомуна

№1-тиркеме

 

Төө-Моюн айылдык аймагынын 2023-жылдын 1-кварталында жергиликтүү бюджетинин кирешеси жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү төмөндөгүчө

 

№

Кирешелердин аталышы

Статья

Алымча

(миң сом)

Кошумча

(миң сом)

1

Аппарат

1.1.

Дагы башка кызматарды алуу

2215

 -     150 000

 

2

Аппарат

2.1.

Автоунага керектүү шаймандарды алуу

2214

 

+ 150 000

 

Жыйынтыгы;

150 000  (сом)

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин катчысы

 

Икирам  уулу А