Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 19-12

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291- токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобонун негизинде мыйзамсыз салынган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын жана сөзгө чыккан айыл башчылардын ой-пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291- токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобону талкуулап чыгып Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

3. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган айыл өкмөтүнүн тургундарына мыйзамсыз салып алган турак-жайларын документтештирүү үчүн ар бирине 0,10 га өлчөмүндө жер участогу ажыратылып берилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын төрагасы – Д.Галбаев, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмонов жана Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси – А.Маматовторго милдеттендирилсин.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев