ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 19-10
Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 08-июнундагы №2-4 токтому менен бекитилген Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиевдин Сары-Таш айылынын айыл башчысы М.Курбанкуловдун маалыматтарын угуп талкуулап, «Сары-Таш» айылындагы М.Бодуров көчөсүндөгү мурда 0,19 га жер участогу чайкана болуп катталып турган, азыркы учурда 2016-жылдан бери бала бакча болуп иштеп келе жатат. Имараттын максаттуу багытын жер тилкесинин аянтына мамлекеттик акт жасап жаны бала бакча салганга толугу менен документин бүтүрүү максатка ылайык болорун белгилеп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” негиз Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аталган жер тилкеси Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы «Таң Нуру» мектепке чейинки балдар бакчасына 0,19 га жер аянты ажыратылып берүүгө макулдук берилсин.
3.Ажыратылып берилген жер аянтына тийешелүү иш кагаздарын даярдап документтештирүү жагы «Таң Нуру» мектепке чейинки балдар мекемесинин жетекчиси М.Мурзаевага тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |