ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 19-8
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн айланасындагы каарып, кургап калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Д.Жолдошевдин билдирүүсү жана айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн айланасындагы каарып, кургап калган бак-дарактар алынып, ордуна кичи соодо түйүндөрүн жана тамактануучу жайларды курууга уруксат берилсин.
2. Кургап калган бак-дарактарды кыйдырып, түшкөн акча каражаттарын Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизүү жагы А.Д.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |