ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 19-7
«Найман» айылынын тургуну С.Ж.Уразовдун өзүнүн менчигиндеги дом-бытанын жерин максаттуу багытын турак-жай жана калкка кызмат көрсөтүү түрүнө өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү арызы тууралуу
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиевдин жана Найман айылынын тургуну Уразов Садикжон Жаббаровичтин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып, «Найман» айылынын тургуну Уразов Садикжон Жаббаровичтин ушул айылдын аймагындагы сатып алган өзүнүн менчигиндеги Мамлекеттик акт «Ч» №785903 сандуу участоктун идентификациялык коду 5020610050185 24.07.2018-жылы берилген, сатуу жана сатып алуу жөнүндөгү келишиминин негизинде сатып алган мурда дом-быта катарында катталган, учурда турак жай катарында пайдаланылып жаткан жеринин максаттуу багытын өзгөртүү айыл аймагында көйгөй болуп турган турак жай куруу үчүн жер участокторунун тартыштыгын чечүү, жаш үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылуу, ишкерлерди колдоо, ошондой эле жумуш орундарын түзүү жаатында максатка ылайык болорун белгилеп, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексине» ылайык Төө-Моюн айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Найман» айылынын тургуну Уразов Садикжон Жаббаровичтин ушул айылдын аймагындагы өзүнүн менчигиндеги 4200,0 м.кв болгон жер аянты Мамлекеттик акт «Ч» №785903 сандуу участоктун идентификациялык коду 5020610050185 24.07.2018-жылы берилген, сатуу жана сатып алуу жөнүндөгү келишиминин негизинде сатып алган мурда дом-быта катарында катталып, учурда турак жай катарында пайдаланылып жаткан дом-бытанына максаттуу багытын 1450,0 м.кв жер аянтын турак-жай түрүнө, калган 2750,0 м.кв жер аянтын калкка кызмат көрсөтүү максаттык багытындагы жер түрүнө пайдаланууга кайра өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Араван районунун тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына «Найман» айылынын тургуну Уразов Садикжон Жаббаровичтин карамагындагы аталган жердин иш кагаздарына ушул токтомго ылайык өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жагы сунуш кылынсын.
3. Төө-Моюн айыл өкмөтү айыл аймагындагы турак жай фонду боюнча маалыматтарга ушул өзгөртүүлөргө ылайык оңдоолорду киргизсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевке) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |