Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 19-5

Абдылдаева Гүльзар Турдалиевнага узак мөөнөткө ижарага убактылуу пайдаланууга жер берүү жөнүндө

Төө-Моюн айыл аймагындагы Түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлериндеги 183,0 (бир жүз сексен үч) га (контур № 35, 42, 45, 52, 48, 66, 20, 39, 13, 16, 15, 34, 24, 4) жер аянтын ижарага пайдаланууга берүү жөнүндөгү Абдылдаева Гүльзар Турдалиевнанын арызын карап чыгып, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Д.Жолдошевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7,8,13 статьяларын, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамдарын жетекчиликке алып Төө-Моюн айылдык Кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Төө-Моюн айыл аймагындагы түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринен 183,0 (бир жүз сексен үч) га жер участогу 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө Абдылдаева Гүльзар Турдалиевнага убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2.  Түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринен 183,0 (бир жүз сексен үч) га жер участогунун ар бир 1,0 га жер аянты үчүн 1 500 (бир миң беш жүз) сом жалпы 274 500 (эки жүз жетимиш төрт миң беш жүз) сом деп ижара акысы белгиленсин.

3.  Ар 5 (беш) жылдык мөөнөттө акчанын инфляциясына жараша ижара акысынын өзгөртүлүшү эске алынып, эки тараптын келишимине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.

4.  Абдылдаева Гүльзар Турдалиевнага убактылуу пайдаланууга берилген 183,0 (бир жүз сексен үч) га жер участогун ижара алуу жөнүндөгү Төө-Моюн айыл өкмөтү менен келишим түзүүгө жана:

- келишимге ылайык ижара акысын өз убагында төлөөгө;

- ижарага алган жерди максатына ылайык жана натыйжалуу пайдаланууга милдеттүү;

- ижарага алган жерди пайдаланууда экологиялык эрежелерди сактоо, жердин кыртышын бузулуусуна жол койбоо жана өзүнүн коңшулаш жерге эч кандай зыян келтирбөөгө милдеттүү;

-жерди пайдаланууда эрежелерди билген абалда «ижара берүүчүгө» жана зыян келген субъекттерге келтирилген чыгымын толугу менен төлөөгө милдеттүү;

- келишим мөөнөтү бүткөндөн кийин “ижара берүүчүгө” жерди жакшы абалда кайтарып берүүгө милдеттүү.

5.  183 га жер аянтынын ичиндеги курулуш мүлктөр эсептелип Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн балансына киргизилсин.

6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев