ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы
2023-жылдын 19-январы № 19-3
“Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиевдин маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирин угуп чыгып, Найман айылынын тургуну Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Жер, турак-жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Маматов Абдисалам иштеген мезгилден бери ар бир ишке тактыктыгын жана жоопкерчилигин көрсөтүп келет. Жаш кызматкерлерге өз насаатын айтып алардын ишке болгон умтулуусун арттырып келгендиги, көп жылдык сиңирген эмгеги жана Төө-Моюн айыл аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымын эске алып, “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маматов Абдисалам Төө-Моюн айыл аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымын, көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиев “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” төш белгисин жана күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырылышын камсыз кылуу жагы жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтү “Төө-Моюн айылдык аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ыйгарылышына байланыштуу Жобого ылайык зарыл болгон жол жоболоштуруу иш аракеттерин жүргүзсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |